"Азаттыктын" Адилеттик издейм подкастынан укуктары бузулган адамдардын тагдыры, алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна арналган окуяларды баяндайбыз. Укугуңуз бузулса, келиңиз чогуу талкуулайлы, адистер менен кеңешип, чогуу коргойлу.
Thu Mar 14, 2024
19 episodes
"Токой тили"
Салам! Менин атым Гүлназ Камбаралиева. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!. Ал эми токойго барганда бак-дарактар, чөптөр, гүлдөр өз алдынча жашоо өткөрүп, өз тилинде сүйлөгөн башка дүйнөгө кирип кетк...